Элдос Алмаз - Алдаба мени
Сени гана бул жүрөк согуп тынбай сураган,
Мени кара эки көзүм жашын тыйбай ыйлаган.
Эми мага кызыгы өчкөн караңгы бул аалам,
Эми алдаба мени.
Деги мага сүйдүрүп убактылуу не келдиң?
Бери кара түбөлүккө бирге болом деген ким?
Мени кара абалым бир күн түшүнөрсүң, сезерсиң.
Эми алдаба мени,
Жетет алдаба мени!
Кайырма:
Кандай сүйгөм жаным сени кандай сүйгөм?
Бакытыман бал таткандай таттуу сүйгөм.
Жандай сүйгөм, көлөкөңдөй калбай сүйгөм.
Менин жаман кыйналганым билбейсиң сен.
Сезбедиң жабыркап калганымды сен эпсиз,
Келбегин өткөн өмүр өттү кетти керексиз.
Сен менин байлаптырсың дүйнөмдү себепсиз,
Эми алдаба мени.
Сени гана бул жүрөк согуп тынбай сураган,
Мени кара эки көзүм жашын тыйбай ыйлаган.
Эми мага кызыгы өчкөн караңгы бул аалам,
Эми алдаба мени.
Жаны клиптер | Жаны ырлар | SOLO:
SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке.
Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.
e-mail: solomediagroup@
© SOLO MEDIA
#SOLO #КыргызчаЫрлар #КыргызчаКлиптер